Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алжирдин Президенти Абдель Азиз Бутефлика Президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдель Азиз Бутефлика Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана  Кыргызстан элин  Курман айт майрамы менен куттуктады.

Алжирдин Президенти  алжир элинин жана Өкмөттүн атынан жана жеке өзүнүн атынан   Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана бакыт-таалай, достук мамиледеги Кыргызстан элине – прогресс жана  гүлдөп өнүгүү каалады.

2017-жыл 1-сентябрь