Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдулазиз  Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана  Кыргызстан элин  Курман айт майрамы менен куттуктады.

Сауд Аравиясынын Королу Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана бакыт-таалай, бир тууган Кыргызстан элине – мындан аркы  гүлдөп өнүгүү каалады.

Курман айт менен куттуктоо телеграммасын  тактынын мураскору, Сауд Аравиясынын Министрлер кеңешининн төрагасынын орун басары, коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд  дагы жөнөткөн.

2017-жыл 1-сентябрь