Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын  Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана  Кыргызстан элин  Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Ушул ыйык Айт, жакшылыктын жана кайрымдуулуктун  майрамы катары  ислам дүйнөсүндө  биримдикти жана  туруктуулукту чыңдоонун фактору катары эсептелет деп ишенем.

Ушул ыңгайлуу жагдайдан пайдаланып, урматтуу Алмазбек  Шаршенович, Сизге  чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош Кыргызстан элине  гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалайм.

Жалпы  мусулман дүйнөсү  чоң кубаныч  менен белгилеген ушул майрам  ынтымыкты чыңдап,  молчулукка  жол ачсын», -деп белгиленет Президент Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосунда.

2017-жыл 1-сентябрь