Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Аппарат Жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-сентябрда, Аппарат Жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенишүү аркылуу түрдүү багыттардагы өлкөдөгү стратегиялык милдеттерге тиешелүү Президенттин тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы Аппарат Жетекчиси менен 2040-жылдарга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштин жүрүшүн дагы талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев түрдүү тармактардагы маанилүү долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырууну тиешелүү көзөмөлгө алып, аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

2017-жыл 2-сентябрь