Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик жана партиялык ишмер Болот Мамбетовдун 110 жылдыгына байланыштуу куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстан мамлекет катары  калыптануунун татаал жолун басып өткөн. Өлкөбүздүн тарыхы элибиздин ондогон  көрүнүктүү инсандарынын талыкпаган эмгеги, күч аракети менен  жазылган. Совет доорунда   республикабыздын эл чарбасын түптөп, өлкө катары калыптанышына зор эмгек жумшаган  муундун көч башында турган инсан –  көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Болот Мамбетов.  

Быйыл белгиленип жаткан Болот Мамбетовдун 110 жылдык  мааракеси жалпы калың кыргыз коомчулугу үчүн зор окуя.

Карапайым дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан улан турмуштун бардык оорчулугун көтөрүп, жетимчиликтин, жокчулуктун азап-тозогунан өткөн. Талыкпаган эмгекчилдиги, тырышчаактыгы  менен улам жаңы бийиктиктерди багындырып,  катардагы суу чарба инженерликтен тартып, Кыргыз ССР Министрлер советинин төрагасына чейинки даңктуу жолду басып өткөн.

Өлкөбүздүн  эл чарбасын – өнөр жайын, айыл чарбасын негиздөөгө, калыптандырууга айрыкча эмгек жумшаган. Кыргызстандын суу чарба системасын  түптөөнүн башатында турган. Орто-Токой, Киров, Найман, Папан, Төрт-Күл суу сактагычтары, Чоң Чүй, Отуз-Адыр каналдарынын курулуштары   анын демилгеси  менен башталып курулганы белгилүү.

Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарында Аламүдүн ГЭСин ишке киргизүү, Аламүдүн-ГЭС-2нин, Токмок, Каракол жана Жалал-Абад жылуулук станцияларынын курулуш иштерин жетектеген.  Компартиянын Фрунзе обкомунун биринчи катчысы катары  Батыштан эвакуацияланып келген  ири ишканаларды кыска мөөнөттө ишке киргизип, союздук маанидеги  ондогон  өнөр жай обьектилеринин курулушун уюштурган.

Кыргызстандын  өнөр жайын, энергетикасын, айыл чарбасын калыптандырууда өтөгөн өзгөчө эмгеги   үчүн  үч ирет Ленин, үч ирет Эмгек Кызыл туу жана Кызыл Жылдыз ордендерине татыган. Кыргызстанда мынчалык көп жогорку сыйлыкка татыктуу болгон инсандар  саналуу.

Болот Мамбетов Кыргыз ССР суу чарба министри, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы катары жооптуу кызматтарды абийирдүүлүк  менен аркалаган.  Жаратман  муундун татыктуу өкүлү катары кайсы кызматта болбосун иштин майын чыгара иштеген. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон уюштургуч жана кара кылды как жарган калыс инсан болгону үчүн СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган.

Болот Мамбетовдун басып өткөн өмүр жолу, жасаган эмгеги –  элге, Мекенге  чын дилинен кызмат кылуунун эң бийик үлгүсү. Кезинде  мол тажрыйбасы, терең билими мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн толук пайдаланылбай калса дагы, анын артында жакшы аты, эл үчүн жасаган эмгеги калды.

Болот Мамбетовдун айкели борбор шаарыбыздагы мамлекеттик ишмерлер Аллеясында орнотулуп, өзүнүн татыктуу ордун ээлегени – тарыхый  калыстыктын салтанаты.

Элибиздин залкар уулдарынын бири, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө, келечектүү коомдун калыптанышына зор салым кошкон инсан катары Болот Мамбетовдун ысымы Кыргызстандын тарыхында, ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Кыргыз эли мындай мекенчил татыктуу уулдарын эч качан унутпайт, урматтайт жана  терең таазим этет.

2017-жыл 16-сентябрь