Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Россиянын лидери  Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, чың ден соолук, бакубатчылык, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн  лидерлери  кыргыз-орус мамилелеринин  актуалдуу маселелерин  талкуулашты.

2017-жыл 17-сентябрь