Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди   туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

«Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

 Сизди туулган күнүңүзгө байланыштуу  чын жүрөктөн чыккан эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз!

Сизди боордош  Кыргызстан элинин зор  ишенимине жана  колдоосуна  ээ болгон  көрүнүктүү жана тажрыйбалуу  мамлекеттик ишмер, акылман жана таланттуу саясатчы, адилеттүү жана калыс жетекчи катары Өзбекстанда  жакшы билишет жана терең урматташат.

Сиздин активдүү аракеттериңиздин аркасы менен бир туугандыктын   жана жакшы коңшулаштыктын бекем  байланышына негизделген өзбек-кыргыз өнөктөштүгү сапаттык жаңы деңгээлге жетишти.

Ушул айдын башында  Кыргызстанга жасаган  чыныгы тарыхый  Мамлекеттик сапар  мамилелерибиздеги чыныгы жигердүү кадам болуп, жалпы приоритеттерибизди жана  эки тараптуу байланыштарды  динамикалуу өнүктүрүүгө жана  практикалык өз ара аракеттенишүүнүн долбоорлорун биргелешип алдыга жылдырууга эки тараптын тең  чечкиндүүлүгүн далилдеди.

Биз Сиздин жетекчилигиңиз  алдында Кыргызстандын турмуштун бардык тармактарындагы олуттуу ийгиликтерине чын дилибизден кубанабыз. Ушул жылдардын аралыгында  Сиз эң татаал маселелерди чечип, тынчтыкты, бейпилдикти жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн  камсыз кыла  алдыңыз.

Ачык демократиялуу коомду курууда, мамлекеттик башкаруу институттарынын натыйжалуулугун жогорулатууда, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, өнөр жайын жана инфраструктураларды  модернизациялоодо, бизнести колдоо тармагында Сиз өткөргөн   түзүмдүк кайра түзүүлөр жана реформалар эң жогорку бааларга татыктуу. Эң негизгиси биринчи кезекте  элет жериндеги калктын жашоосунун деңгээли жана сапаты жогорулады.

Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркы  ырааттуулук менен жогорулап, чет  мамлекеттер жана эл аралык уюмдар  менен өз ара пайдалуу кызматташуусу кеңейип жана тереңдеп баратат.

Мына ушул жетишкендиктерде Сиздин жеке ролуңуз жана эмгегиңиз зор.

Алдыдагы  Сиздин өлкө үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн мааниси зор болгон Кыргызстандын Президентин шайлоолордо  Кыргызстандын акылман  эли Сиз баштаган  саясый багыттын уланышы, коомдо  тынчтыкты жана туруктуулукту, ынтымакташтыкты камсыз кылуу,  өлкөлөр жана элдер ортосунда  достукту чыңдоо үчүн добуш берет деп ишенем.

Жаркыраган ушул күнү Сизге  - досума жана бир тууганыма чың ден соолук, үй-бүлөдөгү бакыт, чексиз күч кубат, жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрүшүн, ал эми  Кыргызстан элине  бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

 Сиз менен Ташкенде боло турган алдыдагы жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм.

Терең урматтоо менен, Шавкат Мирзиёев»

2017-жыл 17-сентябрь