Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Мексиканын Президенти Энрике Пенья Ньетого көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Мексиканын түштүк-чыгышындагы жер титирөөдө көп сандаган адамдар каза тапкандыгына байланыштуу Мексика Кошмо Штаттарынын Президенти Энрике Пенья Ньетого көңүл айтты.

“Каза болгондордун  үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишине тилектештигимди жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет көңүл айтуу  телеграммасында.

2017-жыл 21-сентябрь