Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бразилия Өкмөтү менен дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордудун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндөмакулдашууну ратификациялоо тууралуу”Кыргыз Рсепубликасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-сентябрында  кабыл алынган.

Бул Макулдашуу анык дипломаттык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн башка Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана болуу үчүн токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө виза алуу талаптарынан бошотууну караштырат.

Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Бразилия Федерациялык Республикасынын дипломаттык жана расмий/кызматтык паспортторго ээ болгон жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетет жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишим-укуктук базаны кеңейтет, ал саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө  түзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  он күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

2017-жыл 21-октябрь