Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү Фондусунун башкарма төрагасы Эркин Асрандиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-октябрда  Кыргыз-орус өнүктүрүү Фондусунун башкарма төрагасы Эркин Асрандиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына чакан жана орто бизнестин долбоорлорун каржылоо, көлөмү 17,3 млрд сомдон ашкан кредиттик портфелдин өсүш динамикасы,  ошондой эле ишкердик субъектилердин артыкчылыктуу кредиттерге андан ары жетиши жөнүндө маалыматты укту.

Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, Фонд тарабынан берилген каражаттардын көп бөлүгү агроөнөр жай комплексине жана өндүрүш чөйрөсүнө жумшалып, жактырылган 780 долбоордун үчтөн бири өлкө региондоруна туура келет.

Президент Алмазбек Атамбаев Өнүктүрүү фонду экспорттук жана импортту алмаштыруу потенциалын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо аркылуу өлкө экономикасын андан ары жаңылоого жандуу катышууга тийиш экенин белгиледи. Президенттин сөзү боюнча, Фонд кредиттерди максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну гана камсыз кылбастан, ошону менен катар ишкерлердин ишинин өнүгүшүнө, бизнестин жана башкаруунун алдыңкы заманбап методдорун киргизүүгө өбөлгө болууга тийиш.

Мамлекет башчысы Өнүктүрүү фонду турак-жай куруу секторун каржылоого жандуу катышуу зарылдыгын айтты. Ошондо ал өлкө экономикасы үчүн мультиплициялык эффект алып келет.

2017-жыл 24-октябрь