Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн кезекте турган автомобиль менен жүк ташуучулардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылууга бир миллион сом бөлдү

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын контролдоо-өткөрүү пункттарында түзүлгөн кырдаалды жана республикада күтүлгөн сууктун түшүшүн көңүлгө алып,  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташыган жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн кезекте турган автомобиль менен жүк ташуучулардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүндү.

2017-жыл 26-октябрь