Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барды.

Жумушчу сапардын алкагында Президент Жалал-Абад шаарындагы “Газпром” компаниясы  каржылаган  дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекси курулчу жерге капсула салуу аземине катышат.

Андан кийин Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн салынган көп  батирлүү үйдүн ачылыш аземине катышат.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолдун курулушунун жүрүшү менен таанышат.

2017-жыл 21-ноябрь