Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн Бишкекте курулган көп батирлүү турак жайдын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө УКМК кызматкерлерине жооптуу кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы конуштуу болушу менен куттуктады.
“Сиздердин чечкиндүү жана билгич аракетиңиздердин аркасында Кыргызстанда тартип орнотуп, тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калдык. Өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча ар кандай аракеттерге катуу бөгөт коюлушу керек”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы жаңы үйлөрдү куруу боюнча жакшы саамалык мындан ары дагы улантылат деген ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы батирлерди кыдырып көрүп чыгып, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге көп батирлүү үйдүн короосунда балдар үчүн аянтча куруу үчүн 300 000 (үч жүз миң) сомдук сертификатты тапшырды.

2017-жыл 20-ноябрь