Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеӊешинин мааракелик сессиясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-ноябрда Минскте өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясына катышууда.

Сессиянын башталаар  алдында  Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко ЖККУга мүчө-мамлекеттеринин  Мамлекет башчылары менен учурашып, катышуучулардын протоколдук сүрөткө түшүүсү болуп өттү.

Саммитке ЖККУнун мүчө-мамлекеттери - Армения, Беларусь, Россия, Кыргызстан жана Тажикстандын  Мамлекет башчылары катышууда.

2017-жыл 30-ноябрь