Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева: 13-14-декабрда өзбек тараптын чакыруусу боюнча Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга расмий сапары болот

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева бүгүн, 12-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө басма сөз жыйынын өткөрдү.

Анын айтымында Президент Сооронбай Жээнбеков 13-14-декабрда Мамлекет башчысы катары Өзбекстан Республикасына расмий сапар менен барат.

“Бул сапар эки өлкөнүн ортосунда акыркы жылы жүргүзүлгөн активдүү саясый диалогдун уландысы болуп калат”, -деп белгиледи Айзада Субакожоева.

Сапардын жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен тар курамда жана кеңири форматта жолугушуусу болжолдонгон.

Сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюлат, ошондой эле Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алат.

Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы маалымдагандай, Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушуусу пландаштырылууда.

“Күн тартибинде бир нече актуалдуу маселелер бар. Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышат. Мамлекеттерибиздин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жогору. Сапардын жүрүшүндө болжолдогон максаттарды ишке ашырууга тараптардын даярдыгы ырасталат”, -деди Айзада Субакожоева.

Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарына чейин ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин катышуусу менен соода-инвестициялык форум өткөрүү болжолдонуп жатканы маалымдалды.

2017-жыл 12-декабрь