Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-декабрда, расмий сапар менен Өзбекстан Республикасына учуп кетти.

Эки күндүк расмий сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусу пландаштырылган, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Мындан тышкары Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушуусу болжолдонгон.

2017-жыл 13-декабрь