Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Ташкен шаарындагы Көз карандысыздык жана гуманизм монументине жана Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-декабрда, Өзбекстан Республикасына расмий сапар менен келип, Ташкен шаарындагы Мустакиллик аянтына барды.

Бул жерде Көз карандысыздык жана гуманизм монументине гүл коюу аземи болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле  Өзбекстан Республикасынын биринчи Президенти Ислам Каримов атындагы мемориалдык комплекске барып, Өзбекстандын биринчи Президентинин эстелигине гүл койду.

2017-жыл 13-декабрь