Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бейшемби күнү, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүлөт.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» маселе каралат.