Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Билим берүү жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 10-январында кабыл алынган.
Мыйзам мектептерди алты күндүк окуу жумалыгынан беш күндүк окуу жумалыгына которуу максатында кабыл алынган.
Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Билим берүү жɵнүндɵ» Мыйзамдын 16-беренеси тɵмɵнкүдɵй мазмундагы 10-бɵлүк менен толукталган: “Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында жетимдүү окуу жүктɵмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет”.
Мыйзам расмий жарыяланган күндɵн тартып он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнɵ кирет.