Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы достук салттарына, маданий жана руханий жалпылыкка негизденген кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө зор маани берет.                                                                                                   Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми бир тууган түрк элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп белгилейт Кыргызстан Президенти  өзүнүн куттуктоо телеграммасында.

2018-жыл 26-февраль