Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстанга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча  Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапар менен Казакстандын Астана шаарына  учуп кетти.

Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Президенттери катышат, анын жыйынтыгы менен  Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен  эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган. Эки мамлекеттин башчылары  кыргыз-казак- мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

2018-жыл 15-март