Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ысык-Көл жана Нарын облустук сотунун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө  бир катар Жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Ысык-Көл облустук сотуна 6 жана Нарын облустук сотуна  4  талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

 2018-жылдын 6-апрелинде  Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын  Президенти  Ысык-Көл облустук сотуна 4 жана Нарын облустук сотуна 1 судьянын  кызмат ордуна талапкер боюнча аталган  Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу  түрдүү  мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы жогоруда аталган соттордун судьялыгына 5 талапкер боюнча  материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотторунун судьяларына талапкерлерди  дайындоо боюнча  төмөндөгү   жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча кол коюлган Жарлыкка ылайык, ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук сотунун  7 судьясынын - Алиева Гулкайыр Сакешовнанын, Досмамбетов Азизбек Анарбековичтин, Жаныбеков Медер Жаныбековичтин, Молдакунов Айбек Карыбековичтин, Рыскулова Аида Бекеновнанын, Шамбетова Мира Узбековнанын жана Шерипов Улан Турганбековичтин  ыйгарым укуктары 2018-жылдын 20-мартынан тартып токтотулду.

Экинчи Жарлык менен  ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Абдыбеков Алдаярбектин, Амиракулова Замира Тилебалдыевнанын, Асанбаев Нуркалый Жумабековичтин, Байышов Мирлан Байышовичтин, Орозалиев Алмазбек Касыевичтин жана Ташмамбетов Туратбек Торуевичтин ыйгарым укуктары 2018-жылдын 3-апрелинен тартып токтотулду.

Тандалып алынган 5 талапкер 2 жарлык менен курактык чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды. Алар - Алиева Гулкайыр Сакешовна, Жаныбеков Медер Жаныбекович, Молдакунов Айбек Карыбекович, Шамбетова Мира Узбековна и  Абдыбеков Алдаярбек.

 Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2 жарлыгы менен 5 судья - Алиева Гулкайыр Сакешовна, Жаныбеков Медер Жаныбекович, Молдакунов Айбек Карыбекович жана Шамбетова Мира Узбековна  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облустук сотуна жиберилди. Нарын облустук сотуна судья болуп Абдыбеков Алдаярбек жөнөтүлдү.

 Кыргыз Республикасынын  Президентинин жарлыктары кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2018-жыл 20-апрель