Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Республикасында болуп, Азербайжан Армиясынын 100 жылдыгына байланыштуу өткөрүлгөн аскер парадына катышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – республиканын Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдеттерин аткаруучу Ремиз Мехтиев менен жолугушту.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, анда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосунда эл аралык терроризм, экстремизм көрүнүштөрүнө, баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча зарыл маалыматтарды алмашуу маселелери каралды.

2018-жыл 28-июнь