Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза» долбоорун (Маданият айылы- Жалал-Абад шаары) каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 кошумча макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2014-жылдын 20-мартындагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан „Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза“ долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Аталган Макулдашуунун алкагында Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Фаза IV, (аралыгы 67 км түзгөн Маданият а. — Жалал-Абад ш.) курулуш иштери  60млн. АКШ доллары өлчөмүндө каржыланат.

Ошону менен бирге, 2018-жылдын 11-июнунда Azvirt (Азербайжан) подрядчы компаниясы менен контрактка кол коюлган. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги жана Azvirt (Азербайжан) подрядчы компаниясынын ортосунда подрядчынын күнөөсү боюнча курулуш иштери кечиктирилген учурда контракттын 19% өлчөмүндө айып санкциялары макулдашылды.  Башка курулуш иштери боюнча контракттарда айып санкциялары 10% түзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2018-жыл 29-июнь