Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга каражат бөлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (ар бир министрликке — 2 500 000 сомдон) Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 5 000 000 сом бөлүндү.

2018-жыл 3-декабрь