Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрында ,Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду жана Тажикстан элин келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Мамлекеттер башчылары ошондой эле кыргыз-тажик кызматташтыгынын олуттуу маселелерин да талкуулашты, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү боюнча макулдашууга жетишишти.

2018-жыл 28-декабрь