Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Магнитогорскиде газ жарылып, анын кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Магнитогорскиде газ жарылып, анын кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

«Магнитогорскиде газ жарылып, турак үйдүн подъезди урап, адамдар каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын баары тезирээк сакайып кетишин каалаарымды жеткирип коюуңузду Сизден өтүнөм. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат телеграммада.

 

2019-жыл 1-январь