Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2019-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду.

Чечимдин долбоору 2019-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы алдында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын жана сын пикирлерин эске алуу менен толукталып иштелип чыккан.

Чечимдин тексти:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин
5-бөлүгүнө ылайык, жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.

Азыркы этапта кен байлыктарды сарамжалдуу пайдаланууну жана аларды коргоону камсыз кылуунун көйгөйлөрүн чечүү Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу бул секторду өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартууга тоскоолдук кылган коркунучтардын жана тобокелдиктердин болушу менен шартталган.

Атап айтканда, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук коопсуздуктун абалына пайдалуу кендердин, минералдык-чийки зат жана суу ресурстарынын запастарынын азайышы, анын ичинде кайра калыбына келбей турган пайдалуу кендерди жана өлкөнүн стратегиялык ресурстарынын башка түрлөрүн сарамжалсыз пайдалануунун кесепетинен азайышы терс таасирин тийгизет.

Кыргыз Республикасы жакынкы келечекте бул чөйрөдө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жоготуп алуу коркунучунда турат, бул жагдай экономиканын туруктуу өнүгүшүн жоготууга алып келиши мүмкүн.

Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны кен казуу тармагындагы өндүрүш ишине тартылган.

 Азыркы учурда кен казуу тармагы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге дээрлик 12 миллиард сомдун түшүүсүн камсыз кылат, бул ички дүң продуктунун түзүмүндө кирешелердин 8%ына жакынын жана өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 40%дан ашыгын түзөт.

2017-жылы кен казуу ишканаларынын ишинен салыктык жана салыктык эмес келип түшүүлөр 9 миллиард 861 миллион сомдон ашкан, ал эми 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча болжолу 10 миллиард 797 миллион сом болгон.

Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жана жаратылыш ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү абал ички көйгөйлөр менен тереңдеп жатат, кен казуунун ата мекендик уюмдарынын жетишсиз каржылануусу негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат, бул жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарууну кыйындатууда.

Ошол эле учурда жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу принциби жер казынасын иштетүүгө чет өлкөлүк катышууга тыюу салбай, мындай катышуунун так регламенттелген укуктук механизмдерин түзүшү керек.

Азыркы учурда кен казуу тармагынын жана жер казынасын пайдалануунун чөйрөсүндө төмөнкүдөй көйгөйлөр курч болуп жатат:

— жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жана кен казуу секторундагы айрым ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардагы, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасындагы терең жайылган коррупция;

— кен казуу тармагын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калктын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжасыз болушу;

— өздөштүрүлүп жаткан кен чыккан жерлерде логистиканын жоктугу, анын ичинде алтын алуучу фабрикалардын, зыяндуу калдык сактагычтардын жана кээ бир кен чыккан жерлердин инфраструктурасынын объекттеринин курулушу үчүн ири өлчөмдөгү материалдарды жана жабдууларды жүктөп-түшүрүүнү ишке ашыруу мүмкүндүгүнүн жоктугу;

— бийликтин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлордун ишине, анын ичинде кен чыккан жерлерде жер участкаларына уруксат алууга жасалма жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратуу жолу менен кийлигишүүсү;

— аймакты өнүктүрүү боюнча долбоордун пайдасы жөнүндө маалыматтын жетишсиздигинен улам жергиликтүү калктын кен казуу тармагынын өндүрүш объекттеринде түзүлгөн каршылык маанайлары;

— тиешелүү иштерди жүргүзүүсүз лицензияларды кайра сатуу максатында кармап туруу;

— арча жана жаңгак сыяктуу өзгөчө баалуу дарактардын түрлөрүн кыюуда компенсациялык чараларды камсыз кылуу боюнча иштиктүү механизмдердин жоктугу;

— Кыргыз Республикасынын өнөр жай секторунун «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишинен катуу көз каранды болушу.

Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөр инвесторлордун ишенимин төмөндөтүүдө, алар жеке менчикти коргоо боюнча укуктарды камсыз кылууда мамлекеттик кепилдиктер толук эмес көлөмдө аткарылат деп эсептешет.

Ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлорго карабастан, жакынкы келечекте жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кризистик кырдаалды жаратууга жана Кыргыз Республикасынын кен казуу секторуна терс таасир тийгизүүгө жөндөмдүү болгон олуттуу тобокелдиктер бар бойдон калууда.

Көмүр казуу тармагында түзүлгөн жагдай өзүнчө көңүл бурууну талап кылат. Бул жааттагы мамлекеттин алсыз саясаты мамлекеттин жана жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын эске албаган ар кандай компаниялардын ортосунда көмүр казуунун жана бөлүштүрүүнүн башкарылбай турган процессине алып келген.

Атап айтканда, Кара-Кече мамлекеттик көмүр кенинде аныкталган, жыйынтыгында бүтүндөй көмүр кени чыккан жердин жоголушуна алып келүүгө жөндөмдүү болгон криминогендик жана техногендик коркунучтар Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана контролдоочу органдарынын көңүлүнөн тышкары калууда.

Мамлекеттин, жарандык коомдун жана бизнестин күч-аракетин бириктирүүнү камсыз кылуу, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган ыкчам жана иштиктүү чараларды көрүү, кен казуу тармагын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү, экономиканын аталган секторун өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши

ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

  1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (мындан ары — ӨЭЖПМК) төрагасы Э. К. Осмонбетовдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А. Джамшитовдун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
    И. А. Кадыркуловдун Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө маалыматы көңүлгө алынсын.
  2. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын жана мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча, ошондой эле жер казыналарынын мамлекеттик фондун башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча ӨЭЖПМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам чыгаруу ишин жүргүзүүдө жер казынасын пайдалануу жана кен байлыктарды коргоо чөйрөсүндөгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында иштелип чыккан жана демилгеленген мыйзам актыларынын долбоорлорун артыкчылыктуу тартипте карап чыгуу сунушталсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ӨЭЖПМК жетекчилигинин, анын ичинде орто жана кенже звенонун жетекчилеринин жоопкерчилигин карап чыксын;

2) 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кен казуу тармагын өнүктүрүү жана жер казынасын коргоо боюнча концепцияны (мындан ары — Концепция) иштеп чыксын жана бекитсин, анын ичинде төмөнкүлөрдү карасын:

—  Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө ички жана тышкы инвестицияларды тартууга багытталган иштиктүү механизмдерди иштеп чыгуу;

—  пайдалуу кендердин келечектүү жерлерин иштетүүгө жана өздөштүрүүгө багытталган  инфраструктуралык долбоорлорду толук ишке киргизүү;

—  мамлекеттин катышуу үлүшү бар кен казуу ишканаларынын ишинде бирдиктүү корпоративдик башкарууну андан ары өркүндөтүү, алардын финансылык туруктуулугун бекемдөө, инвестициялык жагымдуулукту жана капиталдын акционердик наркын жогорулатуу;

—  финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарын жана жер казынасын пайдалануу секторунун негизги активдерин кайрадан баалоону эске алуу менен кен казуучу компаниялардын финансылык отчетторун бириктирүү;

—  келечектүү кен чыккан жерлерди иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган контролдун жана жоопкерчиликтин иштиктүү механизмдерин колдонууга киргизүү;

—  мамлекеттик органдардын кадр потенциалын жогорулатуу жана кадрлар резерви менен ишти жакшыртуу, тар профилдеги адистерди даярдоо, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ишканалардын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;

— «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоого/иштетүүгө лицензияларды берүүнүн жол-жоболорун автоматташтырууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган автоматташтырылган мамлекеттик маалыматтык системаны түзүүнү аяктоо;

— кен чыккан жерлерди иштетүүгө финансылык сарптоолорду оптималдаштыруу жана төмөндөтүү максатында маанилүү (ири) кен чыккан жерлер менен транспорттук түйүндөрдүн ортосундагы катнаштын транспорттук жолдорунун логистикасын жакшыртуу боюнча механизмдер;

— пайдалуу кен чыккан келечектүү жана ири жерлерди ишке киргизүүнүн жана өздөштүрүүнүн эсебинен «Кумтөр» кенин иштетүүдөн мамлекеттик бюджетке келип түшүүчү финансылык/салыктык чегерүүлөрдүн ордун толтуруу боюнча чаралар;

— улуттук коопсуздукка таасир тийгизген, ошондой эле өлкөнүн эгемендигинин негиздерин камсыз кылган кен байлыктардын ресурстарынын стратегиялык жана таңсык түрлөрү менен мамлекеттик керектөөлөрдү кепилдик берип камсыз кылуу максатында, стратегиялык мааниге ээ болгон, пайдалуу кен чыккан резервдик жерлердин республикалык фондун түзүү;

3) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө саясатты аныктоо жана аны ишке ашыруу функцияларын бөлүштүрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени карап чыксын;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип:

— кен казуу компанияларына иштетип жаткан кен чыккан жерлерге тоскоолдуксуз баруусун камсыз кылсын;

— кыска мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензия алган кен казуу компанияларына жерлерди бөлүп берүү боюнча маселелерди чечсин;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кен чыккан жерди иштетүүгө лицензиясы бар компаниялардын пайдалануусуна жерлерди бөлүүнүн жана берүүнүн милдеттүүлүгүн мыйзамдуу аныктасын;

— баш аламандыкты уюштурууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өзүнүн ишмердигин жүргүзүп жаткан кен казуу компанияларынын ишин токтотууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө жер-жерлерге барып жергиликтүү калктын арасында үгүттөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында турган бардык зыяндуу калдык сактоочу жайлардын, анын ичинде радиоактивдүү, уулуу жана пайдалуу кендерди байытуунун башка калдыктарын сактоочу жайлардын толук инвентаризациясын жүргүзсүн;

6) авариялык абалда турган жана өзгөчө кесепеттердин келип чыгышына алып келүүгө жөндөмдүү же экологиялык жана техникалык коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген зыяндуу калдык сактоочу жайларды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайтарып берүү жана анын балансына коюу боюнча чараларды көрсүн;

7) зыяндуу калдык сактагычтарды кийин иштетүү жана күтүү максатында жеке адамдарга өткөрүп берүүгө мыйзамдык тыюу салсын;

8) 2019-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө:

— лицензиялык макулдашуулардын талаптарын жана техникалык долбоорлордун шарттарын сактабаганга байланыштуу, пайдалуу кендерди казып алууда жана аларды кайра иштетүүдө келтирилген ченемден ашык жоготуулар үчүн компенсацияга тийиштүү болгон суммаларды чегерүүнүн методологиясын регламенттеген ченемдик укуктук актыны кабыл алууну камсыз кылсын;

— кошо иргелип алынуучу кымбат баалуу жана түстүү металлдарды кошо алганда, алтын камтыган рудаларды жана алтын камтыган концентратты сатууга салыктык коюмдарды көбөйтүү бөлүгүндө кен казуучу жана кен иштетүүчү ишканалардын кирешесине салыкты жогорулатуу жөнүндө маселени карап чыксын;

—  «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактардын породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында, кен чыккан жерди иштетүүдө арча жана жаңгак сыяктуу өзгөчө баалуу дарактардын түрлөрүн кыюуда компенсациялык чараларды камсыз кылуу боюнча иштиктүү механизмдерди иштеп чыксын;

9) 2019-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
14-сентябрындагы № 570 «Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибине инспектордук жана лабораториялык функцияларды бир сыноочу-инспекциялык уюмга бириктирүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизсин;

— ӨЭЖПМКга караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасына гана бул функцияларды өткөрүп берүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени карап чыксын;

— геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө пайдалуу кендердин камтылышын белгилөө максатында кен чыккан жерлерден тандалып алынган кернге (сынамыктарга) Кыргыз Республикасынын аймагында химиялык изилдөө жүргүзүүнүн механизмин так регламенттесин;

10) 2019-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө:

— жумушчу топ түзсүн жана күйүп кетүү очоктордун жана мүмкүн болгон терс кесепеттердин келип чыгуусун алдын алуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле көмүрдү казып алууда жана жүктөөдө, жараксыз катмарларды жайгаштырууда долбоордук документтердин талаптарын жана коопсуздук техникасынын ченемдерин сактоо маселеси боюнча текшерүү жүргүзүү менен Кара-Кече мамлекеттик көмүр кенинин түштүк капталынын өзүнөн өзү күйүүсүнүн коркунучуна толук экологиялык изилдөө жүргүзсүн;

— өкүлчүлүктүү сынамыктарды тандоо жана мамлекеттин (анын ичинде Бишкек шаарынын ЖЭБинин) жана керектөөчүлөрдүн муктаждыктары үчүн жеткирилүүчү көмүргө химиялык изилдөө жүргүзүү боюнча кызматтарды көз карандысыз сыноочу-инспекциялык компанияларга өткөрүп берүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени карап чыксын;

11) 2019-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана ӨЭЖПМК менен өз ара аракеттенип ички карама-каршылыктарды, укуктук коллизияларды, мыйзамдардагы кемчиликтерди жана мүмкүн болгон коррупциялык ченемдерди аныктоо максатында,  аныкталган кемчиликтерди жоюу менен жер казынасын пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук инвентаризация жүргүзсүн жана техникалык регламенттерди иштеп чыгууга көңүл бурсун;

12) 2019-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө «Көмүр жөнүндө» жана «Мунай жана газ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп берген жаңы редакцияда иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

13) 2019-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө кен казуу компанияларынын финансылык-экономикалык бөлүгүн талап кылуу менен пайдалуу кендерге дүйнөлүк бааларды эске алып иштетилип жаткан кен чыккан жерлердин финансылык-экономикалык рентабелдүүлүгүн белгилөө максатында кен казуу компанияларынын пайдалуу кендеринин мурда бекитилген запастарына толук ревизия жүргүзсүн;

14) 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө башкаруу схемасын оптималдаштыруу, кадр потенциалын жогорулатуу, кадрлар резерви менен ишти жакшыртуу, кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу максатында ӨЭЖПМКнын, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишине функционалдык талдоо жүргүзсүн;

15) 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жер казынасын

пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ишине
2018-жылдын жыйынтыгы боюнча талдоо жүргүзсүн жана көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин карап чыксын.

  1. ӨЭЖПМК:

1) 2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүлөр каралган толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:

— жер алдындагы, тузсуз, минералдык жана термоминералдык сууларды лицензиялоодон тышкары, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы 5 жылдан аз болгон компанияларга (мамлекеттик катышуу үлүшү бар компанияларды кошпогондо) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүүгө тыюу салуу;

— лицензия берилип, лицензиялануучу ишти аткарууга ниети жок эле 2 жылдан ашык мөөнөттө кармап турган фактылар аныкталганда кен чыккан жерлерге берилген лицензияларды сотко чейин жокко чыгаруу;

— лицензияны колдонуунун биринчи мөөнөтүнүн аралыгында лицензияны кармап тургандыгы үчүн акы төлөөдөн (мындан ары — ЛКТАТ) бошотуу (геологиялык-издөө жана геологиялык-чалгындоо иштерине лицензия берүүдө гана), мында мөөнөтүн андан ары узарткан учурда колдонуунун толук мөөнөтү үчүн кийин ЛКТАТ алынат;

— лицензияны пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүү учурунда лицензияны колдонуу мөөнөтүн карабастан, лицензияны колдонуунун бүткүл мезгили үчүн ЛКТАТтын бардык суммасын милдеттүү түрдө өндүрүп алуу;

— бонустун, роялтинин жана ЛКТАТтын чендеринин суммасын көбөйтүү, бул аларды чегерүүнүн так регламенттерин жана методикаларын аныктоо менен жер казынасын пайдалануу объекттерине рыноктук калыс бааны аныктоого мүмкүндүк берет;

— кен чыккан жерди иштетүүгө жана пайдалуу кендерди казуу үчүн лицензиясы бар компаниялардын менчик ээлери алмашкан учурда бонустун суммасын көбөйтүү;

2) 2019-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө милдеттүү түрдө төмөнкүлөр каралган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин:

— кен казуу компаниялары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 80%дан кем эмесин сатып алуу, мындай товарлар же кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлбөгөн учурлардан тышкары;

— Кыргыз Республикасынын аймагында иштерге тартылган персоналдын жалпы штаттык санынын 85%дан кем эмесине Кыргыз Республикасынын жарандарын жалдоо;

3) 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр чагылдырылган жана коомчулук үчүн ачык болгон берилген лицензиялардын электрондук реестрин түзсүн жана ведомстволук сайтка жайгаштырсын:

— лицензия алууга табыштама берүү процесси жана аны ӨЭЖПМКнын комиссиясы чечим чыгарганга чейин карап чыгуу;

— бардык берилген лицензиялар боюнча учурдагы абал;

— түзүлгөн лицензиялык макулдашуулар боюнча компаниялардын милдеттенмелерди аткарышы;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
13-июнундагы № 350 «Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө» токтому менен бекитилген Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин тизмесинде аныкталган ар бир кен чыккан жер боюнча кураторлукту ӨЭЖПМК төрагасынын орун басарларына, алардын ишинин натыйжалуулугу үчүн жеке жоопкерчиликти жүктөө менен бекитип берүү;

5) 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институту жана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагынын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу жана инвесторлорду коргоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин; 

6) 2019-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өз ара аракеттенип:

— кен казуу тармагы жана пайдалуу кендерди иштетүү/өздөштүрүү менен байланышкан адистиктер боюнча айылдагы жана алыскы райондордогу орто мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн жогору билим алууга билим берүү гранттарын, кредиттерин берүү, максаттуу даярдоонун механизмдерин колдонууга киргизүү боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну камсыз кылсын;

— И. Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин түзүмдүк бөлүгү болуп саналган академик
У. Асаналиев атындагы Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтун өз алдынча жогорку окуу жайына кайра өзгөртүп түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени карап чыксын.

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү талаштарды карап чыгуу маселеси боюнча сот практикасына сереп жана талдоо жүргүзүү, сот практикасын жалпылоо, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө талаш-тартыштарды чечүүдө

мыйзамдарды колдонуу бөлүгүндө сотторго тиешелүү түшүндүрүүлөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун жыйналышын өткөрүүнү камсыз кылуу сунушталсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) төмөнкүлөргө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын активдештирсин:

— жогорку, улук жана орто звенодогу жетекчилерге көңүл буруу менен жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жасалган/жасалып жаткан, анын ичинде коррупциялык көрүнүштөр жана пайдалуу кендерди уурдоо, ошондой эле пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө/өздөштүрүүгө лицензияларды берүү менен байланышкан (ӨЭЖПМКнын мамлекеттик кызматчылары же башка мамлекеттик органдар менен аффилирленген жактарга лицензияларды мыйзамсыз берүү фактыларын кошо алганда) кылмыштарды жана жосундарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу, оор жана өзгөчө оор кызматтык кылмыштарды жасоого бөгөт коюу;

— пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алууну болтурбоо;

— кен казуу компанияларынын ишин токтотуу максатында жергиликтүү калктын арасында шыкакчылык жана массалык баш аламандыкты уюштуруу менен алектенген адамдарды аныктоо жана аларды жазык жоопкерчилигине тартуу;

— уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишин жана кен чыккан жерлерди иштетүүгө алардын тийгизген таасирин жоюу;

— Кыргыз Республикасынын аймагынан кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды мыйзамсыз ташып чыгууну болтурбоо.

  1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

— 2019-жылдын 28-февралына чейинки мөөнөттө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө кылмыш жасоо фактылары боюнча козголгон бардык жазык иштерин инвентаризациялоону жүргүзүүнү уюштурсун, тергөөнүн мөөнөттөрүн негизсиз токтотуунун, кыскартуунун жана мөөнөттөрүн создуктуруунун себептерин аныктасын. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда прокурордук чара көрүү актыларын түзүү жана кылмыштык иликтөөнү жаңылоо жана көрсөтүлгөн жазык иштерин сот органдарына жөнөтүү боюнча чараларды көрүү менен тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берсин;

— алтындын запастарын камтыган кен чыккан жерлерге берилген бардык лицензиялардын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) кызматкерлеринен ведомстволор аралык жумушчу топ түзсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ушул чечимин ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар анын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматты квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына берип турсун.
  2. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

2019-жыл 6-февраль