Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 13-мартында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби, ошондой эле медициналык калдыктарды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 11-май