Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эрмек Ибраимов Кыргызстандын КМШнын уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибраимов Эрмек Султанович Минск шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

2019-жыл 4-октябрь