Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бүгүн Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 12-февралда туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт.

Жыйында инвестицияларды коргоонун абалы жана бизнес субъекттердин укуктарын коргоо, экономикалык иштердин криминалдашуусунун укуктук аспекттери, бизнести коргоо тармагында укук органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышы талкууланат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн бизнес-коомдун өкүлдөрү катышат. Комитеттин жыйынынын жыйынтыгында ишкердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууга жана өлкөнүн инвестициялык дараметин жогорулатууга багытталган чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө.

2020-жыл 12-февраль