Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайтып келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 24-июнда, Россия Федерациясынын Москва шаарынан кайтып келди.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты.

Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде Мамлекет башчысы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат.

Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.

2020-жыл 24-июнь