Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринен – байланышта болгон адамдардан коронавирус инфекциясы тастыкталды

Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты.

Анализдердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.

2020-жыл 26-июнь