Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Курман айт майрамына (Ид Аль-Адха Аль-Мубарак) байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорум менен эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Курман айт майрамы кылымдардан бери гуманизмдин жогорку руханий баалуулуктарын, боорукерлик менен кайрымдуулукту символдоштуруп келе жаткан эң сонун майрамдардын бири болуп саналат. Бул ыйык майрам бардык мусулман элдеринин ортосундагы биримдик менен ынтымакты мындан ары дагы бекемдерине чын дилимден ишенем», — деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, бакты-таалай жана бардык иштери менен демилгелерине ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтыкты, бакубаттыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

2020-жыл 31-июль