Оман султаны Хайсам бин Тарик Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.
Ыйык Курман айт (Эйд Аль-Адх) майрамынан улам Сиздин Улуу Урматыңызга чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду билдирүүгө уруксат этиңиз. Сиздин Улуу Урматыңызга бакубат жашоо, ал эми Кыргызстан элине андан аркы ийгиликтерди жана өсүп-өнүгүүнү каалайм. Ылайым кудуреттүү Алла Таала ыйык майрамдын аркасынан ислам жамаатын даарып, бакыт ыроолосун», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.