Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар КР Ардак грамотасы менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Болормаа Амгаабазарды Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда үзүрлүү кызматташууну орнотууга кошкон зор салымы үчүн Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

2020-жыл 5-август