Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Жыйында эки маселе — укук коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралат.

Биринчи маселе боюнча Премьер-министр Кубатбек Боронов, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров баяндама жасашат.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоорун Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев алып чыгат.

2020-жыл 17-сентябрь