Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин кезектеги жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу маселени кароону сунуштады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаевге кат аркылуу кайрылды.

Анда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров сунуш кылган программаны бекитүү, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери мыйзам сакталбай калгандыгына байланыштуу Президенттин Аппараты тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат.

Мамлекет башчысы бул маселени Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштайт.

2020-жыл 14-октябрь