Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өткүрбек Жамшитов Башкы прокурор кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Жамшитов Өткүрбек Асилбекович ээлеген кызматынан бошотулду.

Негиз:

— Ө.А. Жамшитовдун арызы;

 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4120-VI токтому.

2020-жыл 21-октябрь