Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Египеттин Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Ушундай жагымдуу учурдан пайдаланып, Жаңы жыл биздин глобалдык көйгөйлөрдү жеңип чыгуу, баарына тынчтык жана бакубат жашоону камсыздаган келечекти тартуулоо үчүн ой-тилектерибизди ишке ашыра турган жаңы багыттарды ачат деп чын жүрөктөн үмүттөнөрүмдү билдирем. Ошондой эле, биз 2021-жылы эки элдин өз ара пайдалуу мамиле куруусуна жетишүү үчүн ондогон жылдардан бери келаткан мамилелерибизди мүнөздөөчү достук жана кызматташтык нугундагы эки тараптуу байланыштарыбыздын мындан ары кеңейишине күбө болобуз деп үмүттөнөм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Абдель Фаттах Аль Сиси Талант Мамытовго бакубатчылык, ийгилик жана Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү каалады.

2020-жыл 31-декабрь