Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Польшанын Президенти Анжей Дуда Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Польша Республикасынын Президенти Анжей Дуда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Келе жаткан Жаңы жылга байланыштуу Польша элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргыз Республикасынын жарандарына эң жакшы каалоолорумду билдирем. Жаңы жыл бакубаттуулукту жана мамлекеттер ортосундагы достук мамилелердин мындан аркы өнүгүп-өсүүсүнө алып келсин», — деп айтылат Анжей Дуданын куттуктоосунда.

2020-жыл 31-декабрь