Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров: Эриш-аркак жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн дагы бир стимул болду

 «2020-жыл Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө дагы бир стимул болду. Анын программасына 200дөн ашуун иш-чаралардын тизмеси кирип, эки тараптуу өз ара кызматташууну активдештирүү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү максаттарын көздөйт», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитинин бүгүнкү, 19-февралдагы санына жарыяланган өзүнүн макаласында.

Мамлекет башчысы, биргелешкен пландарга пандемия күтүүсүздөн түзөтүүлөрдү киргизип, мерчемделгендердин баары эле ишке ашпай калганын баса белгиледи.

«Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышын гана өткөрүүгө жетиштик, бирок айрым иш-чараларды кайрадан түзүүгө туура келди. Россиянын Кыргызстандагы күнү жана Кыргызстандын Россиядагы Эгемендүүлүк күнү онлайн режимде өткөрүлдү. Көп улуттуу Кыргызстандын элинин атынан мен эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуш кылам. Бул боюнча Россиянын жетекчилигинен колдоо табарыма ишенем», - деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

2021-жыл 19-февраль