Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев мыкты студенттер менен аспиранттарга Президенттин стипендиясын тапшырды

Бүгүн, 2012-жылдын 23-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мыкты студенттер менен аспиранттарга «Үмүт», «Прелюдия»жана  «Алтын Шаты» стипендияларын тапшырды.

Мамлекет башчысы кыскача сөзүндө “Өлкөбүз өнүгүүнүн татаал учурун баштан кечирип жатат, бирок силер менен биргелешип, биз баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгаарыбызга ишенем. Кыргызстан  Борбордук Азияда өнүккөн алдыңкы өлкөлөрдүн бири болот. Мына ушул жерде олтурган силер, ошондо негизги милдет өтөйсүңөр. Анткени өлкөбүздүн келечеги силерсиңер, ошондуктан келечегибиз жакшы болоорунан эч күмөн санабайм”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мааламдама: Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен быйыл стипендиаттарды тандоо процессине өзгөртүү киргизилип, стипендиянын көлөмү номинацияга жараша айына 2000 жана 3000 сом деп белгиленди.Буга чейин стипендиянын өлчөмү 300 дөн 500 сомго чейин эле.

Жаңы окуу жылынан тартып Президенттик стипендияны 60тан ашуун алдыңкы студентттер жана аспиранттар алат. “Үмүт” стипендиясы академиялык, илимий-чыгармачыл жана коомдук ишмердикте өзгөчө жетишкендиктери үчүн жогорку окуу жайларынын студенттерине жана аспиранттарына берилет. “Прелюдия”стипендиясы чыгармачыл ишмердикте алгачкы ийгиликке жетишкен жаш таланттарга ыйгарылат. «Алтын Шаты» стипендиясы негизинен искусство жана маданият чөйрөсүндөгү таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү максатында  берилет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 23-май