Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 24-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы Индиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Фунчок Стобданды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Индия менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү республиканын тышкы саясий багытындагы маанилүү багыттардын бири экендигин, байланыштарды өз ара пайдалуу кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгарууга даярдыгын  белгиледи.

Ошону менен бирге Алмазбек Атамбаев  Кыргызстан Индия бизнесинин конкреттүү долбоорлорго катышуусуна кызыктар экендигин белгилеп өттү.

.Өз кезегинде Элчи  Индия эки тараптуу кызматташууну жакшыртууга кызыктар экендигин баса белгиледи. “Учурда Индия тарап Кыргызстанда жаңы жабдуулар менен камсыз болгон заманбап клиниканын курулушун баштоо, жогорку технологиялардын паркын түзүү жана техникалык университет уюштуруу тууралуу маселелердин тегерегинде иш жүргүзүп жатат”,- деди  Фунчок Стобдан.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан тышкары  Кыргызстан менен Индиянын ортосунда өнөр жай, маданият  жана билим берүү тармагында кызматташуу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 24-май