Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди 9-Май -Улуу Жениш майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Урматтуу Владимир Владимирович!
 
Сизди Улуу Жениш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

9-Май ыйык күнү Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын өлбөс-өчпөс эрдигинин, элдерибиздин аскердик даңкынын жана эмгек каармандыгынын тарыхый биримдигинин символу катары кызмат өтөйт.
Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилени жана өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары чыңдаганыбыз кан майданда өмүрүн кыйган баатырларга терең таазимибиз болуп калат деп ишенем.

Ардагерлерге чың ден соолук жана бакубат турмуш, бүтүндөй Россия элине гүлдөп өнүгүү кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм.

Урматтоо менен,
                                Алмазбек Атамбаев”


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 8-май