Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы пенсияны эки этап менен жогорулатууга тапшырма берди

Бүгүн, 2012-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы  Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушту.

Мамлекет башчысына Социалдык фонддун өткөн жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары туурасында ведомствонун жетекчиси маалымдады. Жылдын жыйнтыгы  боюнча 16,2 млрд.сом камсыздоо акысы чогултулган.  2010-жылга салыштырмалуу  чогултулган камсыздоо акысы 4,12млрд. сомго көптүк кылат. 2011-жылдын башталышында м бюджет дефицити 1млрд.964 млн.сом бекитилсе, финансылык жыл 1млрд.800 млн. сом профицит менен аяктады.

Президент Алмазбек Атамбаев  Социалдык фонддун  торагасына үстүбүздөгү жылы пенсияны жогорулатуу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

“Биз урматтуу  аксакалдарыбыздын, энелерибиздин алдында, улуу муун алдында карыздарбыз. Ошондуктан пенсияны жогорулатуу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алып, тиешелүү  эсептөөлөрдү жүргүзүү керек. Пенсияны өткөн жылдагыдай кылып, эки этап менен – май жана октябрь айларында көтөрүү максатка ылайыктуу болмок. Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Социалдык фонддун алдын ала берген маалыматы боюнча  пенсияны жогорулатуунун биринчи этабында камсыздоо бөлүгү көбөйтүлөт. Мындай максат үчүн 1 млрд.800 млн.сом караштыруу зарыл. Пенсияны жогорулатуунун экинчи этабы 2012-жылдын октябрь айына болжолдонууда. Азыркы учурда  пенсияны жогорулатуу  үчүн керектүү эсеп-кысап иштери жүргүзүлүүдө.
.
Кыргыз Республикасынын  Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 27-январь