Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа Союзунун Атайын өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 26-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча Атайын  өкүлү Пьер Морель менен жолугушту.
 
Мамлекет башчысы демократия жана адам укугу чөйрөсүндө кызматташуунун жогорку деңгээлине токтолуп, ЕС менен сот-укук реформасы жана мыйзамдын үстөмдүгү багытында мындан ары кызматташууга  өзгөчө кызыктар экендигин баса  белгиледи.

“Биздин башкы максатыбыз –сот-укук реформасын ийгиликтүү жүргүзүп, криминалга каршы күрөштү күчөтүү. Мындай стратегияны ишке ашырууда ЕС биздин  ишенимдүү өнөктөшүбүз болот деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошону менен бирге региондогу татаал жагдайды эске алуу менен Эл аралык коалициянын аскерлерин Афганистандан чыгарып кетип жаткан Европа Союзу Кыргызстандын Чек ара кызматынын мүмкүнчүлүгүн чыңдоого өзгөчө көңүл бурат деп үмүттөнөөрүн билдирди.

Мындан тышкары Кыргызстанды ЕС өлкөлөрүнүн территориясында учууга тыюу салган тизмеден чыгаруу боюнча маселени чечүүнү тездетүү тууралуу өтүнүч айтылды.

“Кыргызстанда өткөрүлгөн  Президенттик шайлоо жана жогорку мамлекеттик бийликти тынч өткөрүп берүү өлкөнү кайрадан демократия нугуна салды. Биз мындан ары дагы Кыргызстандын жетекчилеринин жакшы  саамалыктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө даярбыз”,- деди Пьер Морель.

Жолугушуунун жүрушүндө  эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, тактап айтканда, коопсуздукту чыңдоо, баңгитрафикке жана трансчек аралардагы кылмыштуулукка каршы күрөш  жүргүзүү талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 26-январь