Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Өкмөт башчысы Владимир Путин менен сүйлөштү

2012-жылдын 24-январында, түнкү саат 22-00дө, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн  Төрагасы  Владимир Путин  менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө кыргыз-россия мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн  актуалдуу маселелери  ар тараптан талкууланып,  регионалдык коопсуздук жаатында эки өлкөнүн өз ара кызматташуусу боюнча пикир алмашышты. Эки тарап  тең  тараптардын  аракеттерин координациялоонун жогорку деңгээлине канааттануусун билдиришти.

Ошону менен бирге, тараптар үстүбүздөгү жылдын  февраль айынын  үчүнчү декадасында Москва шаарында  жолугушуу тууралуу макулдашышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 25-январь