Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясынын жетекчиси Ровнаг Абдуллаев Кыргызстанда нефть иштетүүчү завод куруу тууралуу макулдашышты

2012-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясынын (SOCAR) президенти Ровнаг Абдуллаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө   Кыргызстанда  жылына  2 миллион тонна иштетүүчү   нефть заводунун (НИЗ)  курулушун баштоо тууралуу принципиалдуу  макулдашууга жетишишти. НИЗ ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү – 2013-жылдын    акыркы айлары.

Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясынын президенти Кыргызстанга  Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин тапшырмасы боюнча өлкөбүздүн жетекчилери менен жолугушуу максатында келген. Ильхам Алиев 2011-жылдын 20-декабрында Москвада  Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунан кийин мына ушундай тапшырма берген. 

Алмазбек Атамбаевдин Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясынын жетекчиси  менен  жолугушуунун жүрүшүндө  Азербайжандан Кыргызстанга чийки нефтини жана нефтепродуктуларын ташып жеткирүү, ошондой эле  Кыргызстанда нефть чалгындоо жана  иштетип чыгаруунун келечегине тиешелүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы  энергетика жана  жана өнөр жай министрине  Кыргызстанда  НИЗ курулушуна толугу менен   көмөктөшүүнү тапшырды, мындай чара өлкөбүздүн  рыногуна  нефтпродуктуларын ташып жеткирүүнү кеңейтүүгө   мүмкүнчүлүк берет.

Ровнаг Абдуллаев  жакын арада  нефть  иштетүүчү заводдун курулуш маселелерин изилдөө үчүн адистердин тобу жөнөтүлөөрүн  жана компания Кыргызстандын экономикасынын энергетика  тармагында ишин баштаарын маалымдады. Ошону менен бирге, бул маселе Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин жеке көзөмөлүндө тургандыгын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 19-январь