Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти менен жолугушту

Бүгүн,  2012-жылдын 18-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Сяоюй Чжао менен жолугушту.

Мамлекет башчысы  Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарын өнүктүрүүдөгү  үзгүлтүксүз жардамы үчүн АӨБ ыраазычылыгын  билдирди.  Ошондой эле,  2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуялардан жапа чеккен  Ош, Жалал- Абад шаарларын калыбына келтирүүдө көрсөткөн ыкчам  жардамы үчүн   рахмат  айтып,   кызматташуу  орнотулгандан бери Кыргызстан менен АӨБ биргелешкен ишинин жакшы натыйжаларына басым жасады.

“Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташкандан бери өлкөбүз  колдоо иретинде 1млрд. Доллардан   ашуун жардам алган. Мунун өзү  Азия өнүктүрүү банкы өлкөбүздө  экономикалык реформаларды   ишке ашырууда реалдуу көмөк көрсөткөн Кыргызстандын     жакшы досу экендигин айгинелеп турат”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Сяоюй Чжао мырза  мамлекет башчысына  банктын президентинин АӨБ мындан ары дагы  Кыргызстанда түзүмдүк реформаларды ишке ашырууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууда колдоо көрсөтөөрүн ырастаган  салам дубайы менен кошо куттуктоосун   билдирди.

“Биз ар качан ЦАРЭС программасына активдүү катышуусучу катары   Кыргызстандын  бардык өтүнүчтөрүнө жана каалоолоруна ийкемдүү жооп  берүүгө умтулабыз. АӨБ  ушул программанын алкагында  Кыргызстан менен кызматташууга кызыктар”,- деп  айтты Вице-президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен АӨБ  ортосундагы кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды. Тактап айтканда,  бизнес-чөйрөсүн жана инвестициялык  климатты жакшыртуу, тышкы карыздарды тейлөө, жеке сектордун жана мамлекеттик-жеке өнөктөштуктүн нинвестициялары аркылуу инфрасруктуралык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу  маселелеринин тегерегинде сөз болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 18-январь